• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМде Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда ИИМдин имаратында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ли Баоцзе жана Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Фань Цзюньвэй менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга КР Экономика жана финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мурзалымбеков жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстанда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Нурбек Абдиев эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдар бою калыптанып келген жакшы коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдирди.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий