• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМде Мамлекеттик тил күнүн белгилешти

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жоруктар жөнүндөгү башкармалыгы Мамлекеттик тил күнүн белгилешти.

Министрликтен билдиришкендей, башкармалыкта атайын чогулуш өтүп, кыргыз тили жана анын учурдагы абалы тууралуу баарлашуу болду.

Чогулуш учурунда аталган башкармалыктын жетекчиси Сапар Аманкулов кыргыз тилдин тарыхына токтолду.

“Тил улуттун руханий куралы. Ал улуттун мүнөзүн билдирип, тарыхын чагылдырат. Канча деген тарыхты башынан өткөргөн кыргыз тили өз алдынча жана эркин экенин айткым келет. Мамлекеттик тил бул мамлекттеги улуттардын ортосундагы байланышуунун, пикир алышуунун куралы. Башка тилге аралаштырбай аны таза жана так колдонуп, келечек муунга өткөрүп беришибиз керек. Ошондуктан бардык иш кагаздар, алынып барып жаткан иштердин бардыгы мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат” - деп баса белгиледи Аманкулов.

Белгилей кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.

Пикир

Оставить комментарий