• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын 5-февралындагы буюрмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата “Күч түзүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын башчысы милициянын полковниги Коомбаев Абдиш Абазович, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Аким уулу Медер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы Мусаев Сыртбай Жолдошевич жана күч түзүмдөрүнүн тиешелүү тилчи адистеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана аны ар тараптан колдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы ИИМдин Башкы штабынын жетекчилиги тарабынан дагы белгиленди. Кыргыз Республикасынын ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүү багыты боюнча 2018-жылга карата Иш-мерчем атайын ИИМдин буйругу менен бекитилип, ошонун негизинде иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары да мындан ары мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өз ара кызматташууну бекемдөө тууралуу өздөрүнүн ойлорун айтып, сунуштарды беришти.

Пикир

Оставить комментарий