• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМде милиция кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-июль күнү ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев түзүмдүн басма сөз кызматынын кызматкерлеринин жубайларына сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сыйлоо аземи ИИМдин музейинде болуп өттү.

"Офицерлердин жубайлары жолдошторунун жашоодогу чыныгы ишенимдүү жана берилген достору, ишенимдүү тиреги, колдоочусу жана бакыты. Алар сабырдуу жана чыдамкай боло алышат. Өз жолдошторуна ишенип, аларды кызматынан күтүп, колдоо көрсөтө алышат. Офицерлердин жубайларынын чыныгы күчү ушунда", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн “Офицердин жубайы” медалдары менен Калбүбү Батырбекова, Атыргүл Буудайбекова жана Асель Айталиева сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий