• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМдин аймактык бөлүктөрү жаңы автоунаалар менен толукталды

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүктөрү жаңы автоунаалар менен толукталды, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматк ылайык, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнө автоунаалардын ачкычтарын тапшырды. КР ИИМдин башчысынын сунушу боюнча атайын автоунаалар министрликтин ички резервинен чыгарылып, облустук ИИОну бекемдөөгө берилди.

19-январь күнү ИИМдин имаратында автоунааларды тапшыруу аземи өтүп, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, министрликтин борбордук аппаратынын жана облустардын ИИОнун кызматкерлери катышты.

Автоунаалар Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБине, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБине, Талас облусунун Манас РИИБине тапшырылды.

Андан сырткары, бүгүн ИИМдин демилгеси менен Ош облусунун Чоң Алай РИИБине, Баткен облусунун Баткен РИИБине, Ош ШИИБге дагы тапшырылды.

Жалпы жонунан ИИМ ички резервдердин эсебинен бир жарым айдын ичинде тогуз автомашинаны милициянын көчмө кабылдамасына берди. Азыркы учурда өлкө боюнча 42 райондо милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө. Бул жылы ИИМ милициянын көчмө кабылдамасын ар бир райондо ачууну өзүнүн иш планына киргизди.

Пикир

Оставить комментарий