• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ Академиясында 35 жыл мурда аяктаган курсанттардын жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясында 35 жыл мурда аяктап кеткен курсанттардын жолугушуу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Академиянын начальниги Тариел Абитов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиев, ошондой эле 1986-жылы аталган окуу жайды бүтүп кеткен ИИМдин жана СССР учурунда Красноярск, Иркутск, Хабаровск, Ыраакы Чыгыш жана башка шаарларынын ички иштер башкармалыктарында иштеп кеткен ардагерлер катышты.

Жолугушуу учурунда Т. Абитов ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, аларды 35 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Ал эми ардагерлер аталган окуу жайды бирге аяктап, кийин каза болуп калган жолдошторун эскерүү менен иш-чараны башташты. “Өз колубуз менен салган Академиянын эшигин ачып, кучак жая жылуу тосуп алганыңыздар үчүн рахмат”, – деген ардагерлер Академиянын жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, бүгүнкү маарекенин ээлери ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясынын биринчи бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Алар 1984-жылы Академияга көчүп келгенден мурда милициянын генерал-

Иш-чаранын жыйынтыгында ардагерлер өздөрү алып келген белегин Академиянын жетекчилигине тапшырып, андан соң окуу жайдын ичи менен таанышып кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий