• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ Академиясында “Киберкоопсуздук” аттуу темада эки күндүк тренинг башталды

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-декабрында Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясынын базасында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Киберкоопсуздук” темасында эки күндүк тренинг башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кзыматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуунун алкагында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын 20 кызматкери окутулат.

Иш-чаранын ачылышына ИИМ Академиясынын начальниги Тариэл Абитов, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы - элчи Алексей Рогов, аскердик-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, Бажы долбоорунун жетекчиси Алиев Фикрет, башчынын полиция боюнча кеңешчиси Бедарев Константин, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин консультанты Шамшыбек Мамыров катышты.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин аскердик-саясий депаратментинин жетекчиси Александр Елисеев башында сөз сүйлөп, киберкылмыштарды иликтөөдөгү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билимин жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ИИМдин Академиясынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын тез өнүгүүсү интернет-технологиялардын өнүгүшүнө алып келгенин, ал жарандар үчүн тез маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

«Бирок, мындай байланышты шарттаган ошол эле технологиялар, тилекке каршы, мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде террористтик жана радикалдык максаттарды ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошого байланыштуу киберкоопсуздук боюнча иш-чаралардын мааниси кыйла жогорулап жатат», - деди элчи.

Сөзүнүн аягында Рогов ИИМдин академиясынын жетекчилигине «Киберкоопсуздук» аттуу маанилүү курсту окутууга мүмкүнчүлүк жана шарттарды түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да Кыргыз Республикасына улуттук киберкоопсуздукту чыңдоо боюнча системалуу кадамдарды жасоодо кызматташууга даярдыгын билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөру КР ИИМдин академиясынын криминалистикалык борбору жана музейи менен да таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий