• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-апрелинди Ички иштер министрлигинин (ИИм) Ардагерлер кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйынга ардагерлер кеңештеринин төрагаларынын 90 пайызы катышты. ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев уюштуруучулук маселелерди талкулоодо башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана кызматтардын ардагерлер кеңештери милициянын ишин жакшыртуу, андан сырткары, 2017-жылы кабыл алынган Кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча өздөрүнүн сушуштарын берүү менен аны иштеп чыгуу демигеленгенин айтып берди.

Жыйында экинчи маселе катары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Андан сырткары, жыйындын катышуучулары 15-май күнү белгилене турган кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элестерин эскерүү күнү жөнүндө маселе каралды.

Бул күнү ИИМдин аймагындагы курман болгон кызматкерлердин мемориалына гүл чамбарлар коюлат. Бул датага карата ардагерлер уюмдарынын арасында спорттук иш-чара өткөрүүнү дагы пландашууда.

Бишкекте ардагерлер бильярд, стол тенниси, ал эми Чүй облусунун ардагерлери арасында волейбол боюнча мелдеш өтмөкчү.

Султан Жоошбаев түзүлгөндүгүнүн 61 жылдыгына карата ИИМдин ардагерлер уюму жөнүндө китеп чыгарылганы жатканын маалымдады.

Андан сырткары, жыйындын катышуучулары ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын алдында түзүлгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча комиссияга өз сунуштарын берүүнү тезинен колго алуу керектигин белгилешти.

ИИМдин Ардагерлер кеңеши милициянын ишин жакшыртууга, өлкөнүн жарандарынын бейпилдигине багытталган реформаны ишке ашырууга ички иштер министрлигине жардам берүүгө ар дайым даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий