• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин түзүлгөнүнө 61 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңеши өзүнүн түзүлгөнүнүн 61 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, бул жылдар аралыгында өлкөбүз эбегейсиз өзгөрүүлөргө дуушар болду. Алсак, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан баштап, Советтер Союзунун кулашын жана андан кийинки оор жылдарды башынан кечирген биздин өлкөнүн милиция кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти коргоодо жогорку миссияны аткарган, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоп келген.

"Милиция кызматкерлери кандай кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө кабылбасын, алар улуу муундун салтын улап, форманын урматын эстеп, ыйык сактоого тийиш", - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин Ардагерлер кеңеши 1960-жылы түзүлгөн жана мындай органдардын арасындагы биринчи уюм болуп саналат.

Кеңештин максаты СССРдин Ички иштер министрлигинин “Жаш кызматкерлерди тарбиялоодо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда ички иштер органдарынын ардагерлеринин тажрыйбасын пайдаланууну жакшыртуу жөнүндө” №540 буйругун ишке ашыруу болгон.

Кеңеш өз ишин бир нече багытта түзгөн: ички иштер органдарында жана ардагерлер арасында насаатчылык, идеологиялык-үгүттөө жана маданий иштерди уюштуруу.

ИИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, учурда республика боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарынын 17 миңден ашуун ардагери бар.

"Милициянын ардагерлеринде кесиптик жана турмуштук мол тажрыйбасы, милдетти жана ар-намысты так түшүнүүсү бар болгондуктан, алар милиция кызматкерлеринин жаңы муунун тарбиялоодо, патриоттук сезимдерин ойготууда, Мекендин алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти так сезе билүүлөрүнө үйрөтүүдө министрликке абдан керек. Ардагерлер ар дайым эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү, Мекенибиздин ишенимдүү сакчылары жана милициянын мыкты салттарынын үзгүлтүксүз улануунун кепилдиги болуп келишкен. Ардагерлердин түздөн-түз катышуусу менен миңдеген кылмыштардын бети ачылган", - деп айтылат малыматта.

Бүгүнкү күндө кеңешти милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев жетектейт. "Ал ар бир ардагердин тагдырына кайдыгер карабаган, ички иштер органдарынын ардагерлеринин социалдык турмушуна өзгөчө көңүл бурган инсан", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий