• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери муктаж балдарга жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери жардамга муктаж балдарга кайрымдуулук көрсөтүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чүй облусунун Беловодский районунда жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты.

"Бул мекеменин тарбиялануучуларына белектерди жана зарыл болгон боюмдарды жеткиришип, балдарды жана мекеменин жалпы жааматын келе жаткан Жаңы жылы менен жылуу куттукташып, ар бир балага ден-соолук тилеп, мугалимдерине ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 63 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күнү аталган мекемеде майыптыгы бар 209 бала тарбияланат. Өз кезегинде аталган интернаттын жетекчилиги ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий