• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 30 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-апрелинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) 30 жылдыгы белгиленди.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын начальниктери, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү жана ИИМдин БМЖКККнын өздүк курамы катышты.

Баңгизаттарга каршы күрөшүүчүлөрдү БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Селезнев Андрей, Европа бирлигинин «EU-ACT» долбоорунун жетекчиси Хосе Мате, Европа бирлигинин «КАДАП-7» Программасынын жетекчиси Эрнесто Робелло, ошондой эле ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин БМЖКККнын ардагери, Кыргыз Республикасынын ЖКнын депутаты Рысалиев Зарылбек жана ардагер Зеличенко Александр куттуктады.

Ички иштер министрлигинин буйругу менен Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маркум А. Алиевдин жубайы М. Алиева ведомстволук медалдар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий