• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин Башкы штабынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Ички иштер министрлигинин штабдык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин учурдагы жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана оптималдаштыруунун негизинде бүгүнкү күндө министрликтин Башкы штабынын түзүмүнө башкы инспекция, талдоо, пландоо жана контролдоо бөлүмү, башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу жана стратегиялык документтерди аткаруу бөлүмү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, ошондой эле эсептик-каттоо бөлүмчөсү жана ишти уюштуруу бөлүмү кирет.

Учурда ички иштер органдарынын штабдарынын милдеттери ведомстволор аралык башкаруу, башка укук коргоо органдары жана бөлүмдөрү менен өз ара байланышта болуу да кирет. Ички иштер министрлигинин тутумунда стратегиялык жана башка башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ыкчам жана коомдук-саясий кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана алардын өзгөрүүсүнө чара көрүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий