• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМдин бейтапканасына дары-дармектер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин коомдук кеңеши министрликтин бейтапканасына дары-дармектерди тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов билдирди.

Кеңешменин мүчөлөрү "Боорукерлик Планета" коомдук фондунун президенти Елена Рылова менен биргеликте Ички иштер министрлигинин медициналык мекемесине төмөнкү дары-дармектерди тапшырышты:

- Клексан 50 таңгак;

- Фраксипарин 11 даана;

- Ксарелто 6 даана;

- Дексаметазор 4 таңгак (40 ампула);

- Гепарин 3 кутуча (15 флакон);

- Хлоргесидин 10 даана;

- Спирт 50 даана;

- Система 40 даана;

- Кол кап 10даана;

- Вата 20 таңгак;

- Шприц 500 даана;

- Чөнтөк антисептиги 90 даана;

- Физраствор 5 даана;

- Аспирин 50 таңгак;

- Парацетамол 50 таңгак;

- Витамин С 60 куту.

Дары-дармектер ИИМдин ооруканасында дарыланып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлер жана пенсионерлерге арналган.

Пикир

Оставить комментарий