• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто окуучуларга баңгизат жана психотроптук каражаттардын кесепеттери жөнүндө эскертилди

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Ош шаарында жашы жете электердин арасында баңгизатты колдонууларын алдын алуу максатында В.Терешков атындагы мектеп интернатында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлеринин катышуусунда жогорку класстын окуучулары арасында лекция-маек өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлери өспүрүмдөрдүн баңгизаттарды колдонуунун жана аны ташуунун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошондой эле баңгизатка каршы үндөгөн видеороликтерди көрсөтүшүп, баңгизаттарды колдонуунун ден соолукка тийгизген терс таасирин айтып беришти.

Өспүрүмдөр арасында маектешүү кызыктуу жүрүп, баңгизаттардын адамдын организмине тийгизген зыяны тууралуу маалыматтар берилди.

Мугалимдер интернаттын тарбиялануучуларын психологиялык жана физикалык көз карандылыкты пайда кылган заттарды колдонуунун терс кесепеттери тууралуу маалымат менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп беришкен ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, мындай окуялар коомдо баңгиликке сын көз карашын калыптандырып, өспүрүмдөр менен жаштар арасында терс мамилени пайда кыларын белгилешти.

"Урматтуу жарандар, эгер сиз оор турмуштук кырдаалга кабылган бардарды же балдарга каршы жасалган же алардын катышуусу менен жасалган кылмыштар жана укук бузуулар жөнүндө билген болсоңуз, тез арада "102" номуруна кайрылыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий