• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМдин Борбордук аппараты «Таза колдор» челленджин жыйынтыктады. Видео

Коом 0


Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Борбордук аппараты «Таза колдор» челленджин жыйынтыктады,- деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин вируска каршы челленджи дүйнөдөгү вирустук оорунун алдын алуу маселесине арналган. Аталган челлендж «Таза колдор» девизи менен өтүп, бүгүн жыйынтыкталмак. Башында, аталган акцияга Кыргыз Республикасынын ИИМнин өз алдынча жана түзүмдүк бөлүктөрү кошулушкан. Эң биринчи челленджди Бишкек ШИИББи даярдаган. Андан соң, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Ош облустук ички иштер башкармалыктары, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, «Шумкар» атайын багыттагы полку, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы, Ички коопсуздук аскер кызматы, Академия, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошулушуп, аталган эстафетаны ИИМдин Борбордук аппараты жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий