• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин борбордук аппаратынан 600дөн ашуун кызматкер кыскартылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. ИИМдин борбордук аппаратынан 600дөн ашуун кызматкер кыскартылган. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, ал өлкөнүн бардык аймагында болгон: Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында.

“Жергиликтүү тургундар менен жолугуп, милициянын аймактык жана райондук бөлүмдөрүндөгү көйгөйлөр менен таанышып чыгып, мен КРнын ички иштер министрилигинде оптимизация жүргүзүү керектиги тууралуу маанилүү чечимди кабыл алдым. ИИМ органдарынын маанилүү милдеттеринин бири – бул региондорду бекемдөө жана өнүктүрүү. Ички иштер министрлиги өз күчүнө таянып, КР ИИМдин борбордук аппаратында штаттык бирдикти 625ке чейин кыскартты”, - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий