• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин борбордук аппаратында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында КРнын мамлекеттик туусунун 29 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, ИИМдин борбордук аппаратынын бардык бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

“Салтанаттуу иш-чара КРнын мамлекеттик гимнинин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекеттик туу көз карандысыздыктын, патриоттуулуктун, биримдиктин жана мекенге болгон сүйүүнүн белгиси экендигин билдирип, мамлекетибизге өнүгүүнү жана тынчтыкты каалады”,-деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда өлкөнүн символдорунун бири болгон Мамлекеттик туу - 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдиктин жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн - бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үйдүн кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур - байыркы кырк уруунун Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Мамлекеттик туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыл Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий