• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин дарылануу жайларында ардагерлер жана кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Кечээ, 19-июлда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев министрликке тиешелүү госпитал, күндүзгү стационарларда дарыланып жаткан милиция кызматкерлеринин жана ардегерлердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жунушалиев ИИМге тиешелүү госпиталга, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын спорт залында уюштурулган күндүзгү стационарга жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын (ички аскерлер) эс алуу жана ден соолукту чыңдоо борборунун базасына барган. Ал күнү-түнү иштеп жаткан стационардын абалын, ден соолугуна байланыштуу кайрылып жаткан милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин абалы менен таанышып, аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдардан кабар алды.

ИИМдин госпиталынын башчысы, ички кызматтын капитаны Индира Абдыгулова Медицина башкармалыгы жана бардык дарыгерлери милиция кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлердин саламаттыгын чыңдоо жана дарылоо багытында бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтат.

“ИИМдин госпиталында, поликлиникасында жана ИИМге тиешелүү медициналык жайларда жардам көрсөтүү толук кандуу жүрүүдө, бардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Дарыгерлер күнү – түнү иштөөдө, ошондой эле бүгүнкү күндө профилактикалык, карантиндик иш-чаралар жүрүүдө. Стационардык жана обочолонуу менен дарылануу багытында иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий