• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМдин Ички аскерлеринде 2021-жылдын 1-чейрегинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 17.04.21 /Кабар/. 2021-жылдын 16-апрелинде КР ИИМдин Ички аскерлеринде күжүрмөн даярдык, аскердик тартип, аскерлер кызматы, күжүрмөн кызмат жана 2021-жылдын 1-чейрегинин ишмердүүлүгү боюнча, Ички аскерлердин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекуловдун жетекчилиги астында жыйынтыктоо болуп өттү. Бул тууралуу Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага Колбашчынын орун басарлары, Ички аскерлердин Командачылыгынын башкармалыктарынын башчылары, өзүнчө бөлүмдөрдүн башчылары, Бищкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрдүн командирлери катышты. Мамалекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу түштүк – батыш регионунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн командирлери иш-чарага онлайн режимде катышууга туура келди.

Жыйынтыктоо учурунда башкармалыктын, өзүнчө бөлүмдөрдүн башчылары жана аскер бөлүктөрдүн командирлери 1 чейректе мерчемделген иш-чаралардын жыйынтыгы жөнүндө баяндама беришип жана кийинки чейреке коюлган тапшырмаларды аткарууга даяр экендигин билдиришти.

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, Колбашчы күжүрмөн даярдыкты, укуктук-тарбиялык иштерди сапаттуу уюштурууга, аскердик тартиптин деңгээлин жогорулатууга жана аскердик мүлктү сарамжалдуу колдонууга тапшырма берди. 2021-жылдын 3-апрелинен 10-апрелине чейинки мөөнөттө Командачылыктын офицерлер тобунун Түштүк-батыш регионунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнө болгон ыкчам-талаа жүрүшүндөгү көрсөтүшкөн кемчиликтерин жою боюнча иштерин күчөтүүсүнө, Колбашчы тарабынан аталган аскер бөлүктөрдүн командирлерине тапшырма коюлду.

Мындан тышкары Колбашчы Баткен областынын аймагында болуп өткөн “Коопсуздук-2021” биргелешкен командалык штабдык машыгуусунун тактикалык эпизодуна активдүү катышкан аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кетти.

Пикир

Оставить комментарий