• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин Ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда жарандарды күзгү мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан баштап КР ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады. "Аскерге жаңыдан чакырылгандар аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана КР ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий