• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМдин Ички аскерлеринин 702-аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнө 55 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 702-аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 55 жылдыгына жана Күжүрмөн Тууну тапшырууга арналган салатанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдиретю.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов, республикалык жоокер энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова аскер бөлүктүн ардагерлери жана чакырылган меймандар катышты.

«Бүгүн 702-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы үчүн өзгөчө күн, анткени Күжүрмөн Тууну тапшыруу күнү аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 55 жылдык мааракесине туш келди», - деди ал.

Күжүрмөн Тууну тапшырып жатып колбашчы аталган бөлүктун өздүк курамынын, 2005-жылдан 2020-жылга чейинки мамлекетибизде болуп өткөн коомдук саясий кырдаал учурунда жана коронавирус илдетин алдын алуу боюнча өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилген учурда карантиндик режимди камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда кайраттуулукту жана эр жүрөктүүлүктү көрсөтүшкөнүнө токтоло кетти.

Салтанаттуу иш-чараны утурлай Ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктарынын негизинде, бөлүктүн бир топ аскер кызматкерлери медалдар, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чара аскер бөлүктүн көркөм өнөр жамааты тарабынан даярдалган театралдаштырылган көркөм чеберчилик жана майрамдык концерт, ошондой эле аскердик техника менен курал-жарактарды көрсөтүү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий