• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Түркиянын Аскердик атташеси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-августунда ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Аскер атташеси Эртан Онал жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун кезегинде Аскер атташе ички аскерлеринин колбашчысына жылуу тосуп алуусуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн аскердик кызматташуулары мындар ары дагы бекемделе берээрин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий