• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Түркиянын аскерлеринин өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Дамир Алыбаев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин коопсуздук жана ички иштери боюнча кеңешчиси, жандармериянын полковниги Угур Эвжим жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин коопсуздук жана ички иштери боюнча кеңешчиси Мустафа Ырмак менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча жана ар бир тарапты кызыктырган башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар перспективдүү кызматташууларын мындан ары дагы кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп өтүштү.

Жолугушуу жылуу достук абалда өттү.

Пикир

Оставить комментарий