• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Ички иликтөө кызматы пара алуу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. ИИМдин Ички иликтөө кызматы пара алуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.

"Жакында ишти оң жагынан чечип берем деп пара алууга аракеттенип жаткан региондордогу бөлүмдөрдүн биринин жетекчисин кармоо боюнча иш-чара жүргүзүлдү. КР ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.А., аттуу жаран кайрылып, арыздануучуга карата катталган сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип
берүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жаткан Ош облусунун Ноокат РИИБдин кызматкерине карата тиешелүү
чараларды көрүп берүүнү суранган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районунун ИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. маселени оң жагына чечип берүү үчүн пара алууну, тактап айтканда, 80 миң сом акча каражатын алууну көздөө менен аны ишке ашырууга макулдашып жаткандыгы аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде, 2020-жылдын 2-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ноокат РИИБдеги кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу, ал ошол эле учурда Ош облусунун Ноокат РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. кармалды.

Азыркы учурда Финподун Тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий