• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 20-январында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов, министрдин орун басарлары, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ардагерлери, кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Улан Ниязбеков ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ардагерлерин жана кызматкерлерин кызматын татыктуу өтөгөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Андан соң Улан Ниязбеков ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ардагерлерине, кызматкерлерине салтанаттуу түрдө сыйлыктарды тапшырды.

Куттуктоо сөзү менен мурдагы ички иштер министри, ички иликтөө кызматынын негиздөөчүсү Феликс Кулов дагы чыгып, ички иликтөө кызматынын түптөлүшү, коомдогу орду жөнүндө айтып берди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын тарыхына көз чаптыра турган болсок, 1992-жылы министрликтин ыкчам кеңешмесинде күзөттөрдү текшерүү жана көзөмөлдөө түзүмдүк бөлүгүн түзүү чечимин кабыл алуу менен өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ошол эле жылы Ички иштер министрлигинин, облустук жана шаардык Коопсуздук кызматтарынын штаттары бекитилген. Ал эми 1993-жылы Коопсуздук кызматынын жобосу бекитилип, ИИОнун өздүк курамы тарабынан мыйзамдуулукту бузган фактылар боюнча “Кызматтык иликтөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибинин” нускамасы иштелип чыккан.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы өз алдынча түзүмдүк бөлүк катары түптөлүшүнөн бери бир нече жолу түзүмү өзгөртүлгөн.

Ар кайсы жылдарда Ички иликтөө кызматын: Виталий Искаков, Ельтуган Джапаров, Макен Турдугулов, Рыскул Качканаков, Бердибек Жакыпбаев, Номанжан Аркабаев, Нарынбек Молдоисаев, Тыныстан Райымкулов, Эркин Кангельдиев, Кырккелди Кыдырбаев, Сайпидин Камалов, Айтмамат Рахманов, Нурлан Джумашев, Скандарбек Кочербаев, Маканбай Омурзаков, Талантбек Акматов, Конокбай Өскөнбаев башкарып келишкен.

Азыркы учурда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматын Жолболду Кочконов жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий