• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы балдарды майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы балдарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

КР ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өкүлдөрү Красноречинск, Беловодсктогу, Жалал-Абад шаарындагы "Аль Амаль" жана Ош шаарында жайгашкан "Алтын уя" балдар интернаттарына барып, ал жакта тарбияланып жаткан балдарга белектерди тапшырган.

Алар балдарды окутуп, тарбиялап, кам көрүп келе жаткан мугалимдерге, тарбиячыларга, мектеп-интернаттын жетекчилерине терең ыраазычылык билдиришкен.

"КР ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгы, өздүк курамы мамлекетибиздин жаркын келечеги болгон балдарыбызды бүгүнкү майрамдары менен куттуктап, ар бир баланын жүзүнөн күлкү кетпей, асманы ачык, бекем ден соолукта болуп, келечекте мыкты адамдардан болуусун, бактылуу балалыкты тилейт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий