• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 13-декабрь күнү ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгында 2019-жылдын күжүрмөн даярдыгынын, аскер тартибинин, аскер кызматынын, күжүрмөн кызматынын жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, ал ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы, полковник Исламбек Кенжекуловдун жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Ага ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, Аскер энелери республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова катышкан.

Өз баяндамасында ички иштер министри ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын жакынкы күндөрү аткара турган иштери, тапшырмалары тууралуу сөз кылган.

"2019-жылдын жыйынтыгы менен күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 1-орунду 704 баскер бөлүгү (Жалал-Абад шаары), бөлүктүн командири полковник Т. М. Мамбетказиев ээледи. Ага ички иштер министри Жунушалиев вымпел менен 1-даражадагы дипломду тапшырды", - деп билдиришти министрликтен.

Соңунда, "Шер" атайын багыттагы отрядынын өздүк курамы КР ички иштер министрине кол күрөш, кылмыштуу топторду жок кылууда жана куралсыздандыруудагы жоокерлердин иш-аракеттерин, массалык башаламындыкты токтотууда жоокерлердин аракеттерин көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий