• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын негизделгенине 79 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта КР ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы негизделгендигинин 79 жылдык мааракесин белгиледи. Салтанаттуу иш-чара ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын кол башчылыгынын аймагында кол башчы полковник Исламбек Кенжегуловдун, аскер кызматкерлеринин жана чакырылган коноктордун катышуусунда өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Кол башчы полковник Исламбек Кенжегулов аскер кызматынын өздүк курамын куттуктап, күжүрмөн даярдыктарындагы жетишкендиктери менен кесипкөйлүүлүктүн жогорку деңгээлин, кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарып жаткандарын белгиледи.

Кызматында айырмаланган аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер министри менен Ички коопсуздук аскер кызматынын кол башчысынын буйруктарына ылайык, медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскердик оркестри тарабынан уюштурулган концерттик программа көрсөтүлдү.

Тактама иретинде: Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин калыптануусунун тарыхы өзүнө 1941-жылы 26-августунда СССРдин Мамлекеттик коргонуу комитетинин Ттктому менен темир жол, кайтаруу жана ыкчам аскерлер бириктирилип, СССРдин Ички иштер элдик комитетинин Ички аскерлер башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун алкагында 2014-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамына кирген. Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 Жарлыгы менен Ички аскерлер кайра Кыргыз Республикасынын ИИМдин курамына кошулган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматкерлери ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып, коомдук тартипти камсыздап, өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар мамлекеттик обьекттерди кайтаруу тапшырмаларын аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий