• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын жаш жоокерлери ант беришти

Коом 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-июль күнү Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө 1-20 чакырыктагы 266 жаш жоокер ант берди.

Аскердик кесиптин алгачкы билимдерин алган жаш жоокерлер бир ай бою атайын окуудан өтүшкөн.

"Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ант берүү аземине жоокерлердин ата-энелери жана жакындары катышкан жок. Бирок аскер бөлүктөрдүн командирлери тарабынан жаш жоокерлердин ант берүү аземи ата-энелерине онлайн көрсөтүлүп турду. Жаш жоокерлерди ант берүү аземи бөлүктүн командачылыгынын жана башчылардын катышуусунда өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлер тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде даярдалган курал менен жана кол уруш ыкмаларын көрсөтүү менен аяктады", - деп билдирет ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий