• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ИИМ имаратынын алдында кармалган журналистти колдоо митинги өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-январда Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында камактагы журналист Болот Темировду колдоо митинги өтүүдө.

Митингчилер Болот Темировдун бошотулушун талап кылып, анын кармалышы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн өлкөнүн түштүгүндөгү күйүүчү май бизнеси тууралуу журналисттик иликтөөсүнө байланыштуу экенин айтышууда.

Өз кезегинде, Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, анда ал Темиров Live`дын иликтөөсүндөгү келтирилген далилдер калп экендигин жана коррупциялык иштерге катышпагандыгын билдирген. Ошондой эле УКМК башчысы билдиргендей, журналист Болот Темировдун (Temirov Live`дын негиздөөчүсү) кармалышы анын журналисттик иликтөөсүнө байланышы жок. “Бул баңгизатына байланыштуу гана кылмыш”, - деди ал.

Эске салсак, кечээ кечинде Temirov Live редакциясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист Болот Темиров кармалган.

Пикир

Оставить комментарий