• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү ШКУ өлкөлөрүнүн ИИМ эксперттеринин кеңешмесине катышты

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 25-мартында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин материалдарын даярдоонун жана макулдашуунун алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ИИМ/полиция эксперттеринин видеоконференц байланыш форматында кеңешме болуп өттү.

ИИМдин маалыматына ылайык, аталган кеңешмеге ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, БМЖККК башкармалыгынын начальниги Айдар Шигаев, ЭММКАКнын бөлүм начальниги Эльмир Эдильбаев, КИББнын улук ыкчам кызматкери Руслан Шаршембиев жана ЭКБнын улук инспектору Ильяс Кадыркулов катышты.

Бул кеңешмеде ШКУга мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин күн тартибинин долбоору каралып, тараптардын сунуштары талкууланды, ошону менен бирге жыйынтыктоочу протоколдун мазмуну жана Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин жыйынтыктары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу үчүн маалыматтык билдирүү макулдашылды.

Ошондой эле эксперттер тарабынан ШКУга байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүн Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесине катышууга чакыруу маселелери макулдашылды.

Белгилей кетсек, аталган кеңешме Өзбекстандын Ташкент шаарында ушул жылдын 12-14-май күндөрү өткөрүүсү мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий