• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМдин Күзөт кызматы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрда ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

ИИМден билдиришкендей, аталган иш-чарага Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги Талантбек Акматов жана анын орун басары, милициянын полковниги Эрк Тажиев Бишкек шаарынын Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунда тарбияланып жаткан наристелерди Жаңы жыл майрамы менен куттукташып, белектерди тартуулашты.

Өз кезегинде Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун директорунун орун басары Гүлжан Ашимова Күзөт кызматынын жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирип, балдар үйүндө төрөлгөндөн 4 жашка чейинки наристелердин жашоо шарттары менен тааныштырды.

Жыйынтыгында милициянын полковниги Талантбек Акматов балдар үйүнүн кызматкерлерине жана наристелерге каалоо тилегин айтып, келе жаткан Жаңы жылдык майрамы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий