• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан республика боюнча 3 миңден ашуун мекемелер кайтарылат

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы тарабынан республика боюнча 3 миңден ашуун мекеме-чарбалар кайратылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11 ай аралыгында ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан кайтарууда турган 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 332 мекемеден 3 миң 642 мекемеге чейин жогорулаган.

"Борбордук күзөт түйүнү (БКТ) аркылуу кайтарууда турган мекемелердин саны +12,1% чейин жогорулап, 2117 мекемени түздү. Ошондой эле 1 миң 294 жарандардын үйлөрү жана батирлери кайтарууда турат", - деп айтылат маалыматта.

Күзөт кызматынын түзүмдөрүнүн кайтаруусунда турган мекемелердин 766 объектиси өзгөчө маанилүү стратегиялык мекеме-чарбалар болуп саналат.

Күзөт кызматы мекемени кайтаруу жана коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги милдеттеринен тышкары, ИИОнун башка түзүмдөрү менен биргеликте кылмыштуулук менен күрөшүү уурулук, талап тоноо, каракчылык жана адам өлтүрүү кылмыштардын бетин ачуу багытында иш алып барат. Мисалга алсак, 2021-жылдын 11 ай аралыгында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жана жоруктарды жасагандыгы үчүн 532 факт боюнча укук тартипти бузуучуларды аймактык ИИОго жеткиришкен. Ал эми, кайтарууда турган мекемелерден 26 факты уурулук жасоого бөгөт коюлган.

Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан кайтарылган мекеме-чарбаларга уурулукка жана кирип кетүүгө жол берилген эмес.

Ишенимдүү кайтаруунун кепилдиги болуп, “Айгай” белгилерине ыкчам аракеттенүү болуп саналат, ошонун жыйынтыгында гана кылмышкерлерге материалдык зыян тийгизүүгө жол берилбейт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы толугу менен өзүн-өзү каржылаган түзүм болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий