• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Күзөт кызматы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги, милициянын полковниги Дамирбек Исаков жана Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясынын командири, милициянын полковниги Талант Раимбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, көп жылдар бою Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясында эмгектенген Повликов Александр Васильевичти майрамы менен куттукташып, жылуу сөздөрүн айтышып, ыраазычылыгын бирдиришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ардагерди материалдык жактан колдоо үчүн 20 миң сом берилди, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ардагерлеринин атынан Мурат Алыбаев азык-түлүк продуктыларын тапшырды.

Андан сырткары, ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Ибраимжан Жунусович кызматкерлер менен биргеликте Ички иштер органдарынын ардагери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 98 жаштагы Каим Исмаиловду Жеңиш майрамы менен куттукташып, акчалай сыйлык, белек-бечкек, азык-түлүк алып беришти.

“Ардактуу ардагерлер, сиздердин баа жеткис эрдигиңиздердин аркасы менен биз ушул бактылуу заманда жашап жатабыз, кайратман эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем! Биз өлбөс-өчпөс эрдигиңиздерди эч качан унутпайбыз”, - деп ыраазычылык билдирди милициянын полковниги Дамирбек Жолочуевич.

Пикир

Оставить комментарий