• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин Күзөт кызматы жарандардын турак-жайларына куралдуу күзөттү ишке ашырат

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматы жарандардын турак-жайларына жана башка менчик формасындагы мекемелерге келишимдин негизинде куралдуу күзөттү ишке ашырат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Күзөт кызматынын борборлоштурулган күзөт түйүнү акыркы заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган жана физикалык жактан мыкты даярдалган кызматкерлерден түзүлгөн. Борборлоштурулган күзөт түйүнүнө келип түшкөн чакырууларды ыкчам кармоо тобу 3,4 мүнөттүн ичинде тейлейт.

ИИМдин Күзөт кызматы сизге төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

- Борбордук күзөт түйүнү менен кайтаруу;
- Дүрбөлөң баскыч (тревожная кнопка);
- Милиция менен кайтаруу;
- Баалуу жүктөрдү, ошондой эле акчалай каражаттарды коштоп жүрүү.

Пикир

Оставить комментарий