• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМдин Күзөт кызматынын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча онлайн кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын 2021-жылдын 6 ай ичиндеги ыкчам кызматтык ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу онлайн кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге КР ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги, милициянын полковниги Д. Исаков жана анын орун басарлары милициянын подполковниги Р. Касанов, милициянын полковниги Э. Тажиев, Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

2021-жылдын 6 ай аралыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусундагы мекемелердин жана жарандардын батирлеринин ишенимдүү сактыгы боюнча менчик ээлеринин алдында келишимдердин милдеттерин аткарууга, кылмыштуулук жана укук бузууларга каршы күрөшүүгө, өздүк курамдын күжүрмөн жана кызмат деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле мыйзамдуулукту жана кызмат тартибин катуу сактоосуна багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.

Мындан сытркары, 2021-жылдын 6 ай ичинде ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрү тарабынан 3571 ашуун мекемелер, 1294 жарандардын турак-жайлары кайтарууда турган. 2021-жылдын 6 ай ичиндеги Күзөт кызматынын күзөт бөлүмдөрү тарабынан кайтарууга алынган мекеме-чарбаларда каракчылыкка жана уурулукка жол бербөө аракеттери катуу көзөмөлгө алынды.

Ошондой эле ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги, милициянын полковниги Д.Исаков онлайн кеңешменин жүрүшүндө Күзөт кызматы тарабынан коюлуп жаткан айрым тапшырмалар аткарылбай жаткандыгын да баса белгилеп, ар бир бөлүм башчысына талаптарды коюп, кемчиликтерди ушул жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен жоюу талаптарын койду.

Онлайн кенешменин жыйынтыгында 2021-жылга карата бир нече тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий