• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери батирден кымбат баалуу буюмдарды уурдоого жол беришкен жок

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери батирден кымбат баалуу буюмдарды уурдоого жол беришкен жок. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-сентябрда саат 20:39 убактысында Борбордук көзөмөл түйүнүнө КР ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн карамагында кайтаруусунда турган, К.Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде жайгашкан үйдөн коогалаң белгиси түшкөн.

Маалыматты алаар замат Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн №353 кармоо тобунун экипажы, взвод командири Нурбек Муканов, экипаж улугу Кубанычбек Токтобек уулу жана милиционер-айдоочу Артур Чоюнбек уулу саат 20:43тө жогоруда көрсөтүлгөн дарекке жетип, үйдүн короосунун качканга аракет кылып жаткан жашы 25-30 чамасындагы азият улутундагы жаранды кармашкан.

Андан кийин бөлүмдүн нөөмөткери тарабынан үйдүн ээси чакыртылып, 102 кызматына телефон чалынган. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБнин тергөө тобу чакыртылып, текшерүү учурунда 25 миң сомдук ноутбук, 4 миң сомдук кол саат, 3,5 миң сомдук чынжырча уурдап чыкканы далилденген жана ошондой эле кылмышка шектүүнүн чөнтөгүнөн мык сууругуч табылган.

Маалыматтарды тактоо иштери жүргүзүлгөндөн соң, кармалган жаран уурдоо фактысы менен Биринчи май РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий