• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Коомдук байкоочулар кеңешинин төрагасы блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине баткап таратты

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине беткап таратты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымата алйык, Бишкек шаарындагы өзгөчө абал режимине байланыштуу милиция кызматкерлери өз кызматтарын күчөтүлгөн тартипте өтөт, жарандардын коопсуздугу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүп жатат.

"Кырдаалга байланыштуу коронавирус илдетинин жайылып кетишин алдын алуу боюнча өздөрүнө тиешелүү болгон чараларды көрүп жаткан милиция кызматкерлерине беткаптарды таратып, жарандык милдетин аткарууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов дагы киришти. Ялкун Даутов өз эсебинен сатып алган 500 даана беткапты Бишкек шаарында блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине таратты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий