• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин Коомдук кеңеши санариптештирилген Командалык борборго мониторинг жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 22-январында ИИМдин Коомдук кеңешининк мүчөлөрү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын санариптештирилген Командалык борборуна мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган Борбордун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев менен Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Жумагазиев маалымат беришти. Ошондой эле шаар ичиндеги бардык видеокамералар кантип иштеп жаткандыгын, адам жүзүн таануучу функциялары, издөөдө жүргөн жарандарды тактай турган мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Андан сырткары, айрым Патрулдук милициянын кызматкерлери менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүндө төшкө тагылган видеокамералар бар экендигин маалымдашты. Видеокамерадагы сигнал реалдуу убакытта борборго түшөт. Ал эми чалуулар болсо 102 номуруна жана аталган борборго түшүп, операторлор тарабынан иштелип чыгып окуя болгон жерге патрулдук экипаж жөнөтүлөт. Борбордо 14 кызматкер кезек-кезеги менен нөөмөттө турушуп, мониторингден кандайдыр бир бузууларды көрүшсө тез арада аракеттерди көрүү менен ал жакка кызматкерлерди жөнөтүшөт.

Коомдук кеңештин мүчөлөрү борбордун ишине кызыгышып, суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алышты. Презентациядан соң ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жогорудагы санариптештирилген командалык борбордун иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн ИИМдин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Ал бүгүнкү күндө ИИМдин ишмердүүлүгүн санариптештирүү чынында алдыда кетип жаткандыгын айтты. Бул аркылуу Президент Сооронбай Жээнбековдун ар бир регионду жана мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча чечими аткарылып, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу менен жаңы Патрулдук милицияны түзүүдө оң натыйжа берип жаткандыгын баса белгиледи. Дагы кошумчалап кетчү жагдай, шаардагы көчөлөрдөгү абал жакшырып, кылмыштуулук азайып жаткандыгын калк айтып жатат. Бул жагымдуу тажрыйбаны республиканын бардык аймактарында жайылтуу керек. Ушуга катар эле Ялкун Даутов бүгүн борбордо көргөндөрдү калкка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирип, ИИМ менен Бишкек ШИИББи жасап жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришерин айтып өттү.

ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Бишкек ШИИББдин ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн жана Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына байланыштуу Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Жумагазиевди ИИМдин Коомдук кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Коомдук кеңештин мүчөлөрүн алардын ишмердүүлүгүнө татыктуу баалагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Борбордо коомдук коопсуздукту камсыздоодо оң натыйжа берип жатат. ИИМдин жетекчилиги Коомдук кеңештин сын-пикирлери менен милициянын ишин жакшыртуу боюнча ишмердүүлүгүн жогору баалоорун билдирди. Ошондой эле ИИМ менен Коомдук кеңештин ортосунда иштиктүү мамиле калыптангандыгын айтты.

Ал эми Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Жумагазиев 2020-жылда бөлүктөрдү санариптештирүү, "Менин аймактык милиция кызматкерим" тиркемеси, жаңы ШМБ түзүү, туристтик милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча аткара турган иштер жөнүндө маалымат берди. Ал ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам беришкендиги жана мындан ары дагы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий