• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Коомдук кеңешинин ачык отуруму болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-июнунда Бишкек ШИИББде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин отуруму болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага Бишкек ШИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев, Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги Улан Айтбаев, Бишкек ШИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Гайрат Рахманов, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматынын начальниги Жомарт Досов, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана кеңештин мүчөлөрү, Бишкектин райондук милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов катышуучуларды күн тартибинде карала турган маселелер менен тааныштырды. Туристтик милициянын ишмердүүлүгү, уюшкан кылмыштуу топтор, притондор, сойкулук, коомдук унаалардагы уурулук менен күрөшүү боюнча криминалдык милиция кызматынын иши, милициянын аймактык инспекторлорунун жана жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлордун, тергөөчүлөрдүн иши талкууланды.

Бишкек ШИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев туристтик милициянын ишинин жыйынтыктары, Бишкек ШИИББди өнүктүрүү жөнүндө өз баяндамасы менен чыкты.

Андан сырткары, Бишкек ШИИББдин начальниги келечекте аткарыла турган пландары жөнүндө айтып берди. “Ушул жылы коомдук жерлерде милициянын заманбап бөлүмдөрүн ачуу пландалууда. Мисалга алсак, “Ынтымак”, “Панфилов” парктарында, Абдрахманов, Киев көчөлөрүнүн кесилишинде пункттар курулууда. Андан сырткары, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кошумча камераларды орнотуу, Бишкек ШИИББдин имаратынын сырткы көрүнүшүн алмаштыруу мерчемделүүдө. Ага демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каржыдан жана материалдык каражаттардан жасалат”, - деп маалымдады.

Андан соң Бишкек ШИИББдин КМКнын начальниги Улан Айтбаев, Бишкек ШИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Гайрат Рахманов, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматынын начальниги Жомарт Досов баяндамалары менен чыкты.

Отурум суроо-жооп форматында өттү.

Пикир

Оставить комментарий