• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМдин коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов катышкан.

Чогулушта Урмамбетов коомдук кеңеш милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулай турган аянтча болуп саналарын билдирген.

"Милиция кызматынын башкы милдети иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, коомчулук менен байланыш түзүү, элдин ишенимин актоо болуп саналат. Милициянын иши коомчулуктун катуу көзөмөлүндө турат. Милиция кызматы ар дайым ачык болушу керек. Бул максатта биз сиздер менен бирге укук коргоо органдарынын тутумун реформалоону улантышыбыз керек", - деген ал.

Жыйындын жүрүшүндө ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов отурумда карала турган меселелер менен тааныштырган: ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын иши (Мамлекеттик сатып алуулардыжүргүзүү, ИИМдин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүндөгү процесстер, ИИМ алып жаткан насыяларды жана гранттарды натыйжалуу пайдалануу), ИИМдин Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын улуттук бюросунун иши.

Иш-чаранын соңунда коомдук кеңештин мүчөлөрү ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча өз сунуштарын берген.

Пикир

Оставить комментарий