• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Бишкек жана Чүйдүн аймагындагы блокпосттордун ишине мониторинг жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 30-апрель күнү КР ИИМдин Коомдук кеңешинин өкүлдөрү Ялкун Даутов менен Маралбу Биянки, Солдаттардын энелеринин кеңешинин төрайымы Уулкан Байгубатова менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы фильтрациялыкк посттордун, жөө кайгуулдардын ишине мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда ИИМдин алдында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин республиканын жарандары аткаруусун камсыздоо боюнча тапшырмасы турат.

Ага ылайык, ИИМдин Коомдук кеңеши фильтрациялык постторго ар убак мониторинг жүргүзүү менен бирге, посттордо кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин уюштуруучулук ишине көзөмөл жүргүзүү милдеттери экендигин белгилешкен.

Ошондуктан, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун аймагындагы постторго ар убак мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан посттордогу ички иштер органдарынын уюштуруучулук ишине анализ жүргүзүү максатында ишке ашырылууда.

"Коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруу маалында ИИМдин алдында коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн посттордогу кызматкерлердин уюштуруучулук ишинин канчалык натыйжалуу экендигин Коомдук кеңеш анализдөөлөрү кажет. Андан сырткары, посттордогу ички иштер органдарынын аталган илдеттин жугуп калуусунан коргоочу каражаттар менен жабдылгандыгын көрүп келүү алардын күн тартибинде каралган. Бүгүнкү жолугушууда ички иштер органдарынын кызматкерлерине 200 беткап, 500 бөтөлкө суусундук менен шириндик, азык-түлүк салынган баштыктар таратылды", - деп айтылат маалыматта.

Коомдук кеңештин тарабынан блокпосттордун ишине мониторинг жүргүзүү жана ушул сыяктуу акциялар 2020-жылдын 26-мартынан баштап өткөрүлүп келет.

Карантин киргизилген учурдан баштап ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы бардык постторду кыдырышты. 50 ашык постторду кыдырышып, 2000ден ашык бекап беришип, 200 кызматкер үчүн ысык тамак уюштурушуп, тамак-аш менен коргонуучу каражаттарды таратышкан.

Пикир

Оставить комментарий