• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына атайын техникалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. 24-декабрда Европв коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси КР Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматына милициянын көчмө кабылдамаларын борборлоштурулган тутум аркылуу координациялоо үчүн атайын техникалык каражат тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов жана Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы катышты.

Атайын техниканы тапшыруу аземинде отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, учурда Кыргыз милициясынын санариптештирүү багытындагы ишмердүүлүгүн баалап, ИИМдин жетекчилиги бул багытта чон көңүл буруп жаткандыгы тууратуу белгиледи.

Өз сөзүндө Октябрь Урмамбетов ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчилигинин ИИМди реформалоодо эбегейсиз жардам көрсөтүп келе жаткандыгына ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да тыгыз байланышып кызматташууну бекемдетүүгө дайыма даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, азыркы учурда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын түзүмүндө атайын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларын координациялоо бөлүмү түзүлүп, республика боюнча 50 көчмө кабылдама ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий