• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМдин Криминалистикалык кызматы тогуз айда аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Криминалистикалык кызматы тогуз айда аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, ИИМдин Криминалистикалык кызматынын начальниги Канат Иманалиев жана криминалистикалык кызматтын өздүк курамы катышты.

"Үстүбүздөгү жылдын 9 айында жүргүзүлгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ИИМдин Криминалистикалык кызматынын кызматкерлери адис катары 18 миң 396 кырсык болгон жерлерди текшерүүгө, 3 миң 576 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 3 миң 268 тергөө амалдарын жүргүзүүдө катышкан", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле 3 миң 894 соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү, анын ичинде: дактилоскопиялык - 1 835, трасологиялык - 90, баллистикалык - 786, кол жазма - 234, жаралма курал - 216, документтердин техникалык экспертизасы - 155, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун изилдөө - 429, жардыруучу-техникалык экспертизалар - 2.

Андан сырткары, 725 криминалистикалык изилдөөлөр дайындалган.

"Криминалистикалык кызматтын аймактык бөлүктөрү тарабынан “СОНДА” дактилоскопиялык-идентификациялык автоматташтырылган тутумуна ыкчам кызыкчылык жараткан адамдардын 7 миң 526 дактилоскопиялык маалыматтары иштетилип чыгып, киргизилген", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Ошондой эле 2 миң 487 объектеги ачыла элек кылмыштар боюнча кол издеринин маалыматтык топтому толукталып, бул өз кезегинде кылмыш болгон жерде изин калтырган 180 адамды аныктоого мүмкүнчүлүк берген. Көрсөтүлгөн мөөнөттө дактилоскопиялык-идентификациялык автоматташтырылган тутумунун жардамы менен 116 факты боюнча белгисиз өлүктөрдүн өздүгү аныкталган.

Отчеттук мезгилде “ТАИС” баллистикалык-идентификациялык автоматташтырылган тутумуна 20 изилдөө объектиси жана 165 салыштыруу объектиси киргизилген.

Жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев сөз сүйлөп, Криминалистикалык кызматтын ишинде алгылыктуу өсүш бар экенин белгилеп, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууда жана иликтөөдө атайын билимдерди, криминологдорду пайдалануусуз натыйжалуу иш алып баруу
мүмкүн эместигин белгиледи.

"Кызматтын адистери кылмыштуулук менен күрөшүүгө эбегейсиз салым кошууда: алар дактилоскиялык, трасологиялык, кол жазма, баллистикалык экспертизаларды, баңгизат камтыган заттарга химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт", - деп билдиришти ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий