• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин Криминалистикалык кызматына 98 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Криминалистикалык кызматынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду. Аталган кызматтын кызматкерлери кесиптик майрамын жумуш ордуларында тосууда, - деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.

Бул кызмат укук коргоо органдарынын тутумундагы эң маанилүү бөлүктөрдүн бири деп эсептелет. Көп учурда эксперт-криминалисттердин жардамы менен гана кылмышкерлерди таап, резонанс жараткан иштерди ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан 98 жыл мурун Кара-Кыргыз автономиялык облусунун кылмыш иликтөө түзүмүндө фотограф, дактилограф, графолог жана куралчан төрт адистен турган биринчи криминалисттик лаборатория иштей баштаган.

Бүгүнкү күндө техникалык жактан жакшы жабдылган Эксперттик-криминалисттик борборлор региондордун бардык Ички иштер башкармалыктарында иштейт, бул жааттагы адистер милициянын көпчүлүк райондук жана шаардык бөлүмдөрүндө кызмат өтөшөт.

Криминалистикалык кызматтын кызматкерлери көзгө көрүнбөгөн издерин издөө жана ондогон экспертизаларды жүргүзүү менен алектенишет.

Алар окуя болгон жерде ким жана качан болгонун, муздак же ок атуучу курал кандайча колдонулгандыгын, документтердеги акчанын же кол тамгалардын аныктыгын жана башка көптөгөн нерселерди аныктай алышат.

Криминалистикалык кызматы чакан топтордон күчтүү түзүмгө өттү, бүгүнкү күндө бул кызматсыз Ички иштер органдары кылмыштын бетин ачууда кыйынчылык жаратат.

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында ИИМдин криминалистикалык кызматынын кызматкерлери 7 588 окуя болгон жерди текшерүүгө, 128 ыкчам-издөө иш-чарасына, 234 тергөө иш-чарасына адис катары катышты.

Криминалисттер 1 719 соттук экспертиза жүргүзүшкөн, алардын ичинен: дактилоскопиялык 880, трасологиялык 15, баллистикалык 422, кол жазма таануу 43, ок атуучу курал 119, 21 документтердин техникалык экспертизасы, баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун изилдөө 218, ошондой эле 395 криминалисттик изилдөө болгон.

Криминалистикалык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ыкчам кызыкчылык туудурган адамдарга дактилоскопиялык карталардын автоматташтырылган дактилоскопиялык идентификациялык системасына (АДИС) “Сонда” (2426) киргизилген.

Ошондой эле ачылбаган кылмыштардын кол издеринин маалымат банкы 106 объектке толукталган, бул өз кезегинде кылмыш болгон жерлерде изин калтырган 69 кылмыштуу адамды аныктоого мүмкүндүк берди.

Көрсөтүлгөн мезгилде АДИС “Сонда” каражатынын жардамы менен 56 учурда таанылбаган өлүктөрдүн инсандары аныкталды.

Автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутумуна (АБИС) 4 изилдөө объектиси жана 173 салыштыруу объектиси киргизилген.

Криминалисттер өз кесибин абдан кызыктуу деп аташат — бүгүн же эртең эмне болорун эч качан билбейсиң. Бир гана нерсе түшүнүктүү-криминалисттер кылмыш болгон жерде биринчилерден болуп барып, алардын ишине көп нерсе көз каранды болот.

Күн сайын криминалисттер ката кетирүүгө укугу жок кырдаалда татаал чечимдерди кабыл алышы керек. Ошондуктан бул жооптуу кызматта күчтүү рух, ак ниет, берилген адамдар гана калат.

Күн сайын криминалисттер ката кетирүүгө укугу жок кырдаалда татаал чечимдерди кабыл алышы керек. Ошондуктан бул жооптуу кызматта күчтүү рух, ак ниет, берилген адамдар гана калат.

Пикир

Оставить комментарий