• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мыкты кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына 104 жыл толду. Буга байланыштуу ИИМдин жетекчилиги Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бир катар кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өздүк курамын куттуктап, башкы башкармалыкка инсанга жана менчикке каршы жалпы жааттагы кылмыштарды алдын алуу жана ачуу, уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча маанилүү милдеттер жүктөлгөнүн белгиледи.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы ИИМдин тутумундагы алдыңкы кызматтардын бири болуп саналат, ал кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жалпы ишине баа жеткис салым кошуп келет.

Пикир

Оставить комментарий