• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ кызматкерлери Краснореченск мектеп-интернатынын тарбиялануучулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери Краснореченск мектеп-интернатындагы кароосуз калган, материалдык жана социалдык колдоосу жок жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жолугуп келишти. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы ИИМдин кызматкерлери Краснореченск мектеп-интернатына жардам көрсөтүү максатында көзөмөл кылганына 26 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында милиционерлер балдар үйүнүн администрациясына ар тараптуу жардамдарын көрсөтүштү. Министрлик ар дайым көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган окуутуунун көйгөйлөрүнө, тарбиялануучулардын окуусуна түшүнүү менен мамиле кылат.

Бүгүнкү күнү мектеп-интернатында 6 жаштан 16 жашка чейинки 150дөн ашык бала тарбияланат.

"Балдар менен жолугушуу салтка айланып калгандыктан, бул жолу милиция кызматкерлери жаңы жылдык белектерди, таттууларды, жер-жемиштерди, азык-түлүктөрдү алып барышты. Мектеп-интернатынын администрациясы менен макулдашуунун негизинде кеңсе товарлары, тиричилик муктаждыктары, ар бир балага кышкы бут кийимдер тапшырылды. Сатып алуулардын жалпы суммасы 151 миң 916 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын, жумушчуларын жана мугалимдерин жаңы жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолукту, бейкуттукту, окууларына, спортто жана турмушунда ийгиликтерди каалашты.

"ИИМдин жетекчилиги жана милиция кызматкерлери балдарга тартууланган ар бир жагымдуу мөөнөттөр алардын жан дүйнөсүнө жылуулукту тартуулады деп ишенебиз", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий