• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин мурдагы министри КРдин атынан ардагерлер арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 06.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Мурунку ички иштер министри, Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Болгарияда өтө турган эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катышат.

“Кабар” агенттигине Күрөш федерациясынан кабарлашкандай, мелдеш 10нан 15-октябрга чейин Пловдив шаарында өтөт (Болгария).

Аталган чемпионатка Турганбаевдин сырткары дагы 9 кыргыз спортчусу катышат, алардын арасында эл аралык класстагы сот Мейрамбек Ахметов бар.

“Балбандар 8чи жана 9-октябра учуп кетишет. Спортчулар мыкты көрсөткүчкө ээ болушуп, мекенге медаль менен кайтат деген ишенимдебиз”,-деп билдиришти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий