• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин мурдагы жетекчиси Батукаевдин иши боюнча сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы төрагасы, мурдагы ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Сурак мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн.

"КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге "курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)" диагнозун коюп, диагнозду тактоодо фактыларды жасалмалаган. 2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган "курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)" диагнозун жокко чыгарып, диагнозду тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн", - деп билдирет ИИМ.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун эки кызматкери камакка алынган.

Аны менен катар А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий