• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМдин Республикалык окуу борборунда “Биз коррупцияга каршыбыз!” сынагы уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда “Биз коррупцияга каршыбыз!” аталышындагы сынак уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 9-декабрь — Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

Аталган датага карата ИИМдин Республикалык окуу борборунда күн мурун, 8-декабрда атайын иш-чара өтүп, анда аталган окуу жайда билим алып жаткан талапкерлер арасында “Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу дубал гезиттер сынагы уюштурулган.

Бул сынакта талапкерлер коррупцияга каршы өздөрүнүн чыгармачылыгы менен даярдалган ой-толгоолорун, көзкараштарын дубал гезиттерине чагылдырып, маанисин түшүндүрүп беришти.

"Андан тышкары, 32-окуу взводунун талапкери Жаныбек уулу Турганбайдын өзү жазган коррупцияга каршы ыр саптары Республикалык окуу борбордун жетекчилигинин жана ушул эле борбордун коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыраазычылыгына татыды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий